2025-01-05 19:37
Өткөндө эски видеомо жүрөкчө басыпсың. Аябай толкундандым. Анда да уйкусуз түн жамынып жаткан элем. Экранга сенин атың чыгып калганда калдастай түштүм. Дароо ачсам “Сен кол сунсаң өмүрдө бир болууга, сага бакыт сунганга милдеттүүмүн” деген видоемду жактырыпсың. Бөтөн шаарда, түн жарымында, менин эски видеомду жөндөн-жөн жактырбасаң керек дедим. Өгүнү таарынычтын ызасы менен достуктан өчүрүп салгам. Сенин жактырууңа жооп кылып, кайра катталып койдум. Бирок сенден жооп болбоду ⤵️