2025-02-23 15:20
23 февраль. Тоого барып, самоордон ысык чай ичип, байыр алып келдим. Тоого чыгып баратсак, алдыбыздан Совет союзу учурундагы солдаттын формасын кийген бир орус байке ППШ автоматын көтөрүп (муляж окшойт), башына каска кийип, тоодон ылдый түшүп бара жатат. Абдан аутентикалык көрүнүш. Таң калганымдан, далдырап сүрөткө да түшпөй калыпмын, бирок салют берип: "Здравия желаю!" - деп койдум 🫡