2025-03-15 18:03
Менин таятам, таенем Түштүктөн Бишкекке 70-жылдары эле көчүп келишкен, туугандардын студент кыздары биякта окуп, алардын үйүндө жашап турушчу. Ошол бир студент эжем жайында биз үйдүн ичинде уктабайбыз, сөөрүдө пашакана кылып уктайбыз деп мени аябай кызыктырып койбойбу. Таятамдын үйү жер там эле, короодо чарпаясы менен. Ошого төшөк салып түнөп баштадык. Жыгач заборду бир маньяк кааласа жөн эле ашып өтөт эле. 1990-жылдар. Жүрөк тоо экен да ал кезде... 😄